Казакстанда жылына – 50 миң тонна авиациялык отун өндүрө турган завод
курулат. Анын курулушуна жергиликтүү инвесторлор жана америкалык өнөктөштөрдөн
200 млн доллар каржы тартылат. Мындан тышкары, иштеп жаткан үч мунай иштетүүчү
завод жаңыланып, кубаттуулугу 10 млн тонна болгон төртүнчү заводдун курулушу
колго алынат. Ошентип, мунай иштетүү кубаттуулугу 2033-жылга карай 40 млн
тоннага чейин жетмекчи. Ошондой эле, быйыл жылдын аягына чейин 2,5 млрд куб
метр көгүлтүр отун өндүрүүгө кудуреттүү ири газ иштетүүчү завод ишке
киргизилет. Мындан тышкары, көмүрдөн жылына 2 млрд куб метр газ өндүрө турган
завод салуу көздөлүп жатат. Түпкү максат - жалпы иштетүү өнөр жайынын
кубаттуулугун эселеп көбөйтүү.
Серик Жумангарин,
Премьер-Министрдин орун басары, Улуттук экономика министри:
– Инвестициялык
программаны ишке ашыруунун натыйжасында көмүр өндүрүү көлөмү 1,4 эсеге, темир
кен өндүрүшү 1,8 эсеге көбөйүп, концентраттарды өндүрүү 1,7 эсеге артып,
сорттук өндүрүүнүн көлөмү 2,3 эсеге өсөт. Ошондой эле кубаттуулугу 4 млн тонна
болгон жаңы куюу-прокаттоо комплекси ишке киргизилет.
Өлкөдө галлий өндүрүшү дагы ишке киргизилет. Ал уюлдук телефондордо,
компьютер чиптеринде жана башка жогорку технологиялык өнүмдөрдө колдонулат. Ал
эми полиэтилен, бутадиен жана карбамид өндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу
өнүмдүн наркын 20 эсеге чейин көбөйтөт. Буга байланыштуу керектүү чийки заттын
туруктуу жана ишенимдүү жеткирүү тизмегин камсыз кылуу маанилүү.
Олжас
Бектенов, Казакстан Премьер-Министри:
- Ата
мекендик компаниялардын кайра иштетүүсүнө зарыл болгон ички рынокко жеткиликтүү
полимердик чийки затты жеткирүүнүн ачык жана туруктуу шарттарын камсыз кылууну
тапшырамын. Өнөр жай министрлиги полимердик өнүмдөрдү андан ары кайра иштетүүгө
арналган долбоорлордун конкреттүү пулун сунуштасын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

