Казакстанда
балык чарбасына инвестициялар көбөйүүдө. Өткөн жылы тармакты өнүктүрүүгө 4,5
миллиард теңгеден ашык каражат жумшалган. 11 айдын жыйынтыгы боюнча балык өнүмдөрүнүн рыногунун көлөмү 77 миң
тоннага жетти - бул бир жыл мурункуга караганда 10%га көп. Жалпысынан өлкөдө
38,5 миң тонна балык кармалып, дагы 21 миң тоннага жакыны аквакультурада
өстүрүлгөн. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө жалпы
кубаттуулугу жылына 120 миң тоннага жакын өнүм чыгаруучу 72 кайра
иштетүү ишканасы иштейт, алардын 20сы Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө
экспорттоого укуктуу. Ата мекендик балык өнүмү дүйнөнүн 21 мамлекетине, анын ичинде
Германияга, Нидерландыга, Орусияга
жана Кытайга жеткирилет. Тармакты мындан ары өнүктүрүү үчүн республикада
мамлекеттик колдоо чаралары каралган, анын ичинде кошумча нарк салыгын азайтуу,
жеңилдетилген насыя берүү жана асыроочу
жайларды жаңылоо.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

