Казакстанда 100дөн ашык АІ-стартап иштеп жатат

Казакстанда 100дөн ашык АІ-стартап иштеп жатат

Казакстанда 100дөн ашык АІ-стартап иштейт. Ал эми акыркы үч жылда тармакка салынган венчурдук инвестициялардын көлөмү беш эседен ашык өсүп, 14 миллиондон 73 миллион долларга жетти. Ошентип, өлкөдө жасалма интеллект тармагындагы инновациялык долбоорлордун тездик менен өнүгүп жаткан экосистемасы калыптанды. Мындай жаңы маалыматтар Казакстанда жасалма интеллекттин өнүгүшү боюнча алгачкы улуттук отчётто келтирилген. Изилдөөнүн авторлорунун баалоосу боюнча, АІ-чечимдерин киргизүү өлкөнүн ИДӨсүнүн жыл сайын 2% чейин өсүшүн камсыздай алат. Бул тууралуу Мамлекет башчысы да Улуттук курултайда айткан. Касым-Жомарт Токаев өлкө санариптештирүүнү өнүктүрүү жана коомдук, жеке жашоонун бардык тармактарына жасалма интеллектти киргизүү жолуна түшкөнүн белгиледи. Мамлекеттик деңгээлде виртуалдык акыл-эсти пайдалануунун бир мисалы - Smart Data Ukimet.

Дмитрий Мун, Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү вице-министри:

- Ушунун алкагында келечекте тармактык тилдик моделдерди түзүүгө мүмкүндүк берүүчү мекемелик жана тармактык маалыматтарды чогултуу системасын калыптандыруу өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө казак тилинде иштеген, Казакстандын тарыхын башка тилдик моделдерге караганда тереңирээк жана жакшы билген тилдик моделдердин үч нускасын иштеп чыктык. Бул жаатта азыр жасалма интеллекттин жардамы менен түрдүү тармактардагы натыйжалуулукту арттыруу милдети турат. Бул айыл чарбасы, өнөр жай, саламаттыкты сактоо сыяктуу маанилүү тармактарга тиешелүү болушу мүмкүн.