Казакстанда жаңы Конституция боюнча алдыдагы референдумга даярдык кызуу жүрүп жатат. Ошентип, Түркестан облусунда тургундардын өз тандоосун жасоосу үчүн 948 участкалар даярдалган. Бардык участкалар керектүү шаймандар менен толук камсыздалган. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ал эми өнөктүктүн ачык жана адилет өтүшүн 17 аймактык комиссия көзөмөлдөйт. Белгилей кетсек, быйыл жалган куран айынын 15де өтө турган референдумда аймак боюнча 1 миллион 200 миңге жакын жаран добуш берүү укугуна ээ.
Куандык Кулажанов, аймактык референдум комиссиясынын мүчөсү:
– Алар азыр биздин облуста ишин толугу менен баштады. Бирдин айынын 22де шайлоочулардын тизмесин алышты. Бардык участкалык шайлоо комиссияларында иш башталды. Ал жерде нөөмөтчү болот. Шайлоочулар тизмеси менен тааныша турган пункттар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

