Казакстан оңдоодон өткөн эки өткөрүү пунктун ачты

Казакстан оңдоодон өткөн эки өткөрүү пунктун ачты

Казакстанда Өзбекстан менен чектешкен «Казыгурт» жана Түркмөнстан менен чектешкен «Темир-баба» өткөрүү пункттарын реконструкциялоо аяктады. Аларды модернизациялоо - Мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде чек ара инфраструктурасын жаңылоо боюнча масштабдуу мамлекеттик программанын бир бөлүгү. Жумуш учурунда пункттардагы кыймыл токтотулган жок жана өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөндөгөн эмес. Буга жүк жана жүргүнчүлөрдүн агымын уюштуруунун убактылуу схемаларынын аркасында жетишилди. Ал эми жаңыланган өткөрүү пункттарында заманбап технологияларды киргизүүнүн аркасында чек арадан өтүү убактысы 30 мүнөткө чейин кыскарып, өткөрүү жөндөмдүүлүгү суткасына миң автоунаага чейин көбөйдү. Жалпысынан, модернизацияланган пункттар аркылуу транспорт агымы 2,5 эсеге көбөйдү - мисалы, 2022-жылы чек арадан 640 миң автоунаа өтсө, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 1,5 миллионго чейин өстү. Белгилей кетсек, модернизациялоо боюнча мамлекеттик программа Кытай, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешкен 9 өткөрүү пунктун камтыйт. Акыркы үч пунктагы иштерди жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.


Мади Такиев, Казакстан Республикасынын Каржы министри:


- Биз «Keden» жаңы маалыматтык системасын киргизип жатабыз, ал буга чейинки 3 маалыматтык системаны алмаштырат. Бардык өтүп жаткан унаалардын, жеке жактардын борборлоштурулган эсеби болот. Бизде башкы диспетчердик башкармалык ачылып жатат, ал жакта бардык кыймылдар боюнча маалыматтар топтолот. Өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулап, 6 эсеге артат. Бул жылы биз тапшырган модернизацияланган 4 өткөрүү пунктунун аркасында өткөрүү жөндөмдүүлүгү 1,8 миллион унаага жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков