Казакстан менен Сербия экономикалык диалогду бекемдеп жатат

Казакстан менен Сербия экономикалык диалогду бекемдеп жатат

Казакстан менен Сербия экономикалык кызматташтыкты күчөтүүдө. Инвестиция жана биргелешкен долбоорлорго басым жасалат. Айыл чарбасы жана агро өнүмдөрдү кайра иштетүү, санариптештирүү жана AI-технологиялары тармактарында өнөктөштүк дарамети жогору. Бул тууралуу ишкер топ өкүлдөрү Казакстан-Сербия бизнес-форумунда жана эки өлкөнүн Ишкердик кеңешинин биринчи отурумунда билдиришти. Тараптар 10 келишимге кол коюшту, мындан тышкары натыйжалуу өнөктөштүктүн өзгө да дараметтүү секторлору бар.

Мурат Карымсаков, Казакстандын Тышкы Соода палатасынын төрагасы, Атамекен УИП Ббашкарма төрагасынын орун басары:

- Сербиянын Соода-өнөр жай палатасы менен Казакстандын тышкы соода палатасынын ортосунда ишкердик келишим түзүлдү. Андан кийин бизде Айыл чарба өнөр жайы тармагында иштеген компаниялар кол коё турган келишимдер бар. Болжол менен 10 келишимге кол коюлду. Алар аскердик-техникалык кызматташтык, IT, курулуш жана башка дагы багыттарды камтыйт. Серб компаниялары тарабынан Казакстан экономикасына салынган инвестиция көлөмү дагы өсүүдө.

Негизги окуялардын бири Astana Hub инновациялык кластери менен Сербиянын Санариптик трансформация борбору, SEE UP акселератору жана Белграддын Илим-технологиялык паркынын ортосунда кызматташуу тууралуу үч меморандумга кол коюу болду. Келишимдер биргелешкен IT-долбоорлорду өнүктүрүүгө, стартаптарды колдоого жана эки өлкөнүн технологиялык экосистемаларынын арасында билим алмашууга багытталган. Жалпысынан, бүгүнкү күндө өлкөнүн рыногунда 60тан ашык серб компаниясы иштейт - алар фармацевтика, курулуш, энергетика, унаа жасоо, агроөнөр жай комплексинде иштешет.

Ненад Попович, Сербия Эл аралык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү министри:

- Биздин өлкөлөр ортосундагы эркин соода жөнүндөгү келишим бекем институционалдык негизди камсыздайт. Маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Сербияда казакстандык капиталы бар 44 ишкана жана казакстандык 73 жеке ишкер жаран катталган. Бул аз, жана биздин милдетибиз - бул санды, ошондой эле Казакстандагы серб ишкерлеринин санын көбөйтүү.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода 8%га өсүп, 108 миллион долларга жетти. Жалпысынан, тараптардын өнөктөштүгү стратегиялык мүнөзгө ээ - Казакстан Борбордук Азия рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн, ал эми Сербия европалык инфраструктурага жана логистикага жетүүнү камсыздайт.

Михайло Весович, Эл аралык кызматташуу жана өнүгүү боюнча вице-президент:

- Биздин өлкөлөрдүн ортосунда саясий деңгээлде түшүнбөстүктөр, ачык көйгөйлөр жок. Бул экономикалык өнөктөштүккө оң таасирин тийгизет. Казакстан менен иштеген серб ишкерлеринин саны көбөйүп, кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлөт деп үмүттөнөбүз. Биз жөн гана азык-түлүк алмашып эле тим болбостон, заманбап талаптарга жооп берген жаңы, алдыңкы өнүмдөрдү жасагыбыз келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков