Казакстандын жарандары Израилге визасыз бара алышат.
Казакстанга Израилдин Тышкы иштер министри Гидеон Саар расмий сапар менен
келип, эки өлкөнүн ортосунда визасыз режим жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Мындан тышкары, Ермек Көшербаев кесиптеши менен соода-экономикалык
кызматташтыкты кеңейтүү маселесин да талкуулады. 2025-жылдын үчтүн айы-жетинин
айларында Казакстан менен Израилдин ортосундагы товар жүгүртүү 162 млн долларды
түзгөн. Акыркы 20 жылда Израилден Казакстан экономикасына 500 млн долларга
жакын инвестиция тартылды. Израилдин тышкы иштер министри менен бирге 30га
жакын ири бизнес өкүлдөрү да келген.
Ермек Көшербаев, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер
министри:
- Саясий кызматташтыктын келечегине келсек, быйыл
Израилдин Президенти Герцог мырзанын Казакстанга сапары пландаштырылууда.
Жолугушууда эки тараптуу соода көлөмүн көбөйтүүгө жана инвестициялык
кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилди.
Гидеон Саар, Израиль Тышкы иштер министри:
- Биз көптөгөн тармактарда Казакстан менен экономикалык
өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдарбыз. Президенттин демилгелерин колдоп, суу
ресурстарын башкаруу, азык-түлүк коопсуздугу жана инновациялар тармактарындагы
тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

