Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын
ортосундагы «С5+1» форматында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы
Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кеңештин жыйынында талкууланды. Ага
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов төрагалык кылды. Кеңештин ишине
дипломатиялык корпустун, эл аралык компаниялардын жана мамлекеттик органдардын
өкүлдөрү катышты. Өкмөт башчысы Казакстан маанилүү саясий этаптан өтүп жатканын
- жаңы Конституциянын долбоору боюнча жалпы улуттук референдумдун алдында
турганын баса белгиледи. Фундаменталдык документ Президент тарабынан демилгеленген
масштабдуу саясий реформаларды чагылдырат. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаевдин
Вашингтондогу Тынчтык кеңешинин биринчи жыйынына катышканы белгиленди, анда
өлкө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу боюнча АКШнын демилгелерин
колдоорун билдирип, Газаны калыбына келтирүү процесстерине катышууга кызыкдар
экенин ырастады. Жалпысынан, премьер-министрдин айтымында, Америка Кошмо
Штаттары менен туруктуу мамилелерди өнүктүрүү Казакстандын тышкы саясатынын
негизги багыттарынын бири болуп саналат. Америкалык инвесторлор менен
кызматташтыкты кеңейтүүгө, технологияларды тартууга жана ачык ишкердик чөйрөнү
түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Олжас Бектенов, Казакстан
Премьер-Министри:
– Өкмөттүн негизги милдети – өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз
кылуу аркылуу жарандардын кирешесин жогорулатуу жана жашоо сапатын жакшыртуу.
Бул максатка жетүү үчүн жаңы инвестициялык циклди толук кандуу ишке киргизүү
боюнча чаралардын комплекси ишке ашырылууда. Узак мөөнөттүү капиталдын агымын,
технологиялык чечимдерди өткөрүп берүүнү жана эл аралык мыкты тажрыйбаларды
киргизүүнү камсыз кылган чет элдик инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнү
күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Джули м. Стаффт, АКШнын Казакстан
Республикасындагы элчиси:
– Биздин эки тараптуу мамилелерибиз
андан ары да кеңейет деп күтөм, анткени алар азыркы учурда эң сонун деңгээлде
жана бардык убактагы эң мыкты көрсөткүчтөргө жетти. Биздин соода алмашуу
кызматташтыгыбыз, көпчүлүгүңүздөргө белгилүү болгондой, 2025-жылы рекорддук
көрсөткүчтөргө жетти. Бир гана төртүнчү кварталда америкалык компаниялар менен
Казакстандын ортосундагы бүтүмдөрдүн көлөмү 17 миллиард долларды түздү. Бул
абдан таасирдүү натыйжа.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

