Казакстан-Индонезия соода жүгүртүүсү өсөт

Казакстан-Индонезия соода жүгүртүүсү өсөт

Казакстан менен Индонезия өз ара соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүгө кызыкдар. Бул тууралуу элчи Мохамад Фаджрул Рахман Астанада Индонезия Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 80 жылдыгына арналган дипломатиялык-маданий иш-чарада билдирди. Жалпысынан эки өлкөнүн ортосунда илим, энергетика, санариптик технологиялар, туризм тармактарында кызматташтык түзүлгөн. Тараптардын ортосундагы товар алмашуулар менен катар соода-экономикалык кызматташтык кеңири кулач жайды. Буга байланыштуу Индонезия тарап казакстандыктар үчүн визалык режимди жеңилдетүү маселесин карап жатат. Маселен, өткөн жылы эле Чыгыш Азиядагы Бали аралына 25 миң казакстандык турист барган. Бүгүнкү күндө Нусантара менен Астананын ортосунда 15 багыт боюнча кызматташууну орнотуу пландалууда. АСЕАН өлкөсү ЕАЭБ өлкөлөрү менен эркин соода жүргүзүүгө кызыкдар. Тиешелүү сүйлөшүүлөр эки жылдан бери жүрүп жатат, жакында эки тарап тең оң натыйжаларга жетишет.

Мохамад Фаджрул Рахман, Индонезиянын Казакстандагы элчиси:

- Эгерде Индонезия менен ЕАЭБ ортосунда бул келишимге кол коюлса, Казакстан менен биздин өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард доллардан 1,5 миллиард долларга көтөрүүнү пландап жатабыз. Биз Индонезия менен Казакстандын ортосунда энергетика, мунай, кен байлыктар жана санариптик технологиялар тармагында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюуну көздөөдөбүз. Мындан тышкары, инвестицияны коргоону камтыган эки тараптуу инвестициялык келишим даярдалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков