Казакстан дары-дармек экспортун кеңейтет

Казакстан дары-дармек экспортун кеңейтет

Казакстан дары-дармек экспортунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү көздөөдө. Өлкөдө келерки жылдан баштап ушул максатта узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүнүн жаңыланган эрежелери күчүнө кирет. Бул тууралуу тармактын жетекчиси билдирди. Жаңы эрежелер дары-дармек заттарын өндүрүүнү локализациялоого, технологияларды трансферт кылууну өнүктүрүүгө жана казакстандык өндүрүүчүлөрдү мүмкүн болушунча колдоого багытталган. Азыркы учурда өлкөдө 200дөн ашык казакстандык товар өндүрүүчү катталган. Быйылкы 10 айдын жыйынтыгы боюнча ата мекендик ишканалардын өндүрүшү 12%га артып, 156 млрд теңгеден ашты. Ошондой эле, дары-дармек өндүрүү үчүн сырттан импорттолуучу чийки затты кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталууда. Казакстанда өндүрүлгөн препараттардын сапатын камсыз кылуу үчүн Улуттук жөнгө салуу системасынын 3-чү деңгээлине жетүү максаты белгиленди. Казакстан катаал жөнгө салуу системасы бар өлкө катары постсоветтик кеңдикте мындай деңгээлге жеткен биринчи мамлекет болмокчу.


Акмарал Алназарова, Саламаттык сактоо министри:


- Санариптештирүү багытындагы иштердин алкагында 2024-жылы министрлик дары-дармектерди маркалоо жана көзөмөлдөө системасын киргизди. Бүгүнкү күндө Казакстан Борбордук Азияда бул процесстин толук циклин ишке киргизген жалгыз өлкө болуп саналат. Маркалоо алкагында дары-дармектерди сатып алуу көлөмдөрүн пландоо жараяны санариптештирилип, бул керектүүлүктү так болжолдоого мүмкүндүк берди. Ошону менен бирге өнүмдү рынокко тез чыгаруу үчүн каттоо жол-жобосу жеңилдетилип, мөөнөтү эки эсеге кыскартылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков