Казакстандын Президенти Жапонияга алгачкы расмий сапар
менен барды. Токио эл аралык аэропортунда Касым-Жомарт Токаевди өлкөнүн тышкы
иштер боюнча мамлекеттик министри Аяно Кунимицу тосуп алды. Ал эми бүгүн
мамлекет башчысы Император Нарухито менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Казакстандын
президенти көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөрдү өз ара
сый-урматка жана ар кандай тармактардагы жемиштүү кызматташтыкка негизделген
эски достук мамилелер байланыштырып турарын баса белгиледи. Император Нарухито
Касым-Жомарт Токаевдин сапары Казакстан менен Жапониянын мамилелеринде маанилүү
окуя болоруна жана сапаттык жаңы деңгээлге чыгараарына ишенимин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

