К.Токаев сумочу Ерсин Балтагулду кабыл алды

К.Токаев сумочу Ерсин Балтагулду кабыл алды

Президент Касым-Жомарт Токаев казакстандык сумочу Ерсин Балтагул менен жолугушту. Мамлекет башчысы спортчуну 2025-жылы «маэгасира» наамына ээ болушу жана «Канто-сё» атайын сыйлыгын алышы менен куттуктады. Президент чет элде өлкөнүн атын татыктуу алып жүргөн жаш казакстандыктардын саны өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мамлекет таланттарды колдоого жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Мамлекет башчысы сумочу Ерсин Балтагулду көрүнүктүү спорттук жетишкендиктери үчүн экинчи даражадагы «Барыс» ордени менен сыйлап, балбанга эл аралык мелдештерде жаңы ийгиликтерди каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков