К. Токаев Пакистанга расмий сапар менен барды

К. Токаев Пакистанга расмий сапар менен барды

Касым-Жомарт Токаев Пакистанга мамлекеттик сапар менен барды. Пакистандын чек арасына киргенден баштап Аскердик аба күчтөрүнүн учактары Казакстандын Президенти отурган борт менен жанаша учту. Мамлекет башчысын Исламабад аэропортунда Президент Асиф Али Зардари жана Премьер-министр Шахбаз Шариф тосуп алды. Жогорку даражалуу коноктун келишине карата Ардактуу кароол тизилип, замбиректен ок атылды. Ошондой эле Казакстан менен Пакистандын тууларын кармаган балдар тобу Касым-Жомарт Токаевди кол чаап тосуп алышты. Эртең тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүгүн талкуулайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков