Казакстандын Президенти Токиодо Бириккен Улуттар Уюмунун
университетинде турбуленттик доорунда стратегиялык ишенимди калыбына келтирүү
тууралуу дарс окуду. Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн мультилатерализм жана глобалдык
туруктуулукту чыңдоодогу ролу тууралуу айтып берди. Ошондой эле, Казакстандын
адилеттүү жана туруктуу дүйнө тууралуу көз карашын билдирди. Мамлекет башчысы
Бириккен Улуттар Уюмун реформалоонун зарылдыгы жөнүндө айтып жатып, анын
Уставына берилгендикти ырастоонун маанилүүлүгүнө басым жасады. Ал эл аралык уюмдардын
натыйжалуу иштеши үчүн өз ара ишенимди жана болжолдуу саясий багыттын маанилүүлүгүнө
токтолду.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Стратегиялык ишенимдин
жаңы маданияты эл аралык кызматташтыктын жана жамааттык чечим кабыл алуунун негизи болушу шарт. Казакстан Азиядагы өз ара
аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңеш, Дүйнөлүк жана салттуу
диндер лидерлеринин съезди сыяктуу демилгелери аркылуу бул багытта жүйөөлү кадам жасап келет. Бүгүнкү
күндөгү кыйынчылыктарды бир дагы мамлекет жалгыз жеңе албасына шек жок. Узак
мөөнөттүү натыйжаларга принциптүү жана натыйжалуу биргелешкен аракеттер гана
алып келе алат.
Ошондой эле, Президент эл аралык коомчулуктун толук
өзөктүк куралсыздануу боюнча аракеттерин активдештирүүнүн жана өзөктүк курал
сыноолоруна тыюу салуу боюнча келишимдин күчүнө киришин камсыздоонун
маанилүүлүгүн баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Казакстан Алматы шаарында
БУУнун университетинин аймактык филиалын түзүүгө даяр экенин билдирди. Ал суу
жана климаттык коопсуздук, чыр-чатактарды алдын алуу, туруктуу өнүгүү жана
жасалма интеллектти башкаруу маселелери менен алектене алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

