Казакстандагы референдумга чет элдик маалымат
каражаттары тыкыр көз салышты. 30 өлкөдөн келген ар кандай маалымат
агенттиктеринин 200гө жакын өкүлү добуш берүүнүн жүрүшүн чагылдырды. Бельгиянын
«Diplomatic World» журналынын мүдүрү Альберто Туркстра уюштуруу иштеринин жана
маалыматка жеткиликтүүлүктүн жогорку деңгээлин, ошондой эле казакстандыктар,
серепчилер жана эл аралык байкоочулар менен эркин баарлашуу мүмкүнчүлүгүн
жогору баалады. Ал парламенттин бир палаталуу системага өтүшү мыйзам чыгаруу
процессин тездетет деп эсептейт.
Альберто Туркстра, «Diplomatic
World» долбоорунун мүдүрү:
– Сиздерде илимге, инновацияга жана өлкөнүн эбегейсиз адамдык капиталына негизделген экономикалык модель бар. Жаңы Конституция бул атаандаштык артыкчылыктарды пайдалануу үчүн мыйзамдык базаны түзөт. Чындыгында биздин өлкөлөр да уюштуруу, материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана бардык деңгээлдеги даярдык жагынан сиздерден көп нерсени үйрөнө алышат. Менимче, баары эл аралык стандарттарга ылайык, жогорку деңгээлде өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

