Эл аралык маалымат каражаттары Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев сунуштаган
саясий реформаларды ички модернизациянын контекстинде гана эмес, алардын
аймактык туруктуулукка жана тышкы өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүгө
тийгизген таасири жагынан да карап жатат. Мисалы,
Eureporter жаңылыктар порталынын талдоочулары аларды глобалдык туруксуздук шартында
өлкөнүн саясий архитектурасын кайрадан карап чыгуу аракети катары баалайт. Басылма бир
палаталуу парламентке өтүү энергетика, инфраструктура жана өнөр жай саясаты
жаатында чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатышы мүмкүн экенин
белгилейт. Европа үчүн бул өзгөрүүлөр Казакстандын Евробиримдиктин
энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуудагы жана «Ортоңку» коридорду
өнүктүрүүдөгү ролун эске алганда практикалык мааниге ээ.
Башка чет элдик маалымат каражаты - The Diplomatic
Insight - сунушталган реформаларды мамлекеттик башкаруунун алдын ала
болжолдоого мүмкүн болгон жана туруктуу системасын түзүүгө карай кадам катары
карайт. Басылма вице-президент институтун киргизүү бийликтин транзит тобокелдиктерин
азайтып, өлкөнүн тышкы саясий позициясын бекемдей алат деп баса белгилейт.
Авторлордун пикиринде, демилгелер узак мөөнөттүү туруктуулуктун прагматикалык
стратегиясын чагылдырат жана алардын ийгилиги ишке ашыруунун сапатына жана алдыдагы
референдумга коомдук ишенимдин деңгээлине жараша болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

