Чет элдик ЖМК Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоорун чагылдырууда

Чет элдик ЖМК Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоорун чагылдырууда

Казакстандын Баш мыйзамынын долбоору чет өлкөлөрдө талкууланууда. Мисалы, Конституцияга киргизилип жаткан негизги өзгөртүүлөр тууралуу кеңири макала америкалык «Eurasianet» басылмасында жарыяланды. Алардын арасында бир палаталуу парламентке өтүү, вице-президенттин кызматын кайра калыбына келтирүү, суверендүүлүк жөнүндөгү жоболорду күчөтүү, социалдык кепилдиктерди кеңейтүү бар. Серепчилер белгилегендей, Конституциянын ийгилиги тексттен гана эмес, жаңы институттардын өлкөнүн туруктуулугун сактоо менен иш жүзүндө канчалык натыйжалуу иштей алаарынан да көз каранды болот. Кыргызстандык аналитиктер да ушундай пикирде. Мисалы, «Eurasia Today» маалымат агенттигинин макаласында жаңы Конституциянын долбоору Казакстандын саясий тарыхындагы эң ири окуя деп аталды. Алдыдагы референдум мамлекеттик башкаруунун мындан аркы моделин аныктап, мамлекет, коом жана бийлик институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы принциптерин бекитиши керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков