Астанада WorldSkills Kazakhstan - 2025 республикалык
мааракелик онунчу чемпионаты башталды. Борбор шаар жакынкы үч күнгө кесиптик
чеберчиликтин ири аянтчасына айланат. Бул жерге өлкөнүн бардык аймактарынан
800дөн ашык өкүл жана 700дөн ашык серепчи келди. Катышуучулар
- республиканын бардык аймактарынан келген техникалык жана жумушчу адистиктер
боюнча колледждердин мыкты студенттери. Чемпионаттын уюштуруучуларынын
айтымында, бул жылы компетенциялардын саны 30дан 45ке чейин кеңейтилди. Баары -
Жумушчу кесиптер жылынын алкагында. Катышуучулар өздөрүнүн көндүмдөрүн эң
керектүү тармактарда - маалыматтык технологиялар, кызмат көрсөтүү,
курулуш, транспорт жана техникалык адистиктерде көрсөтүшөт. Биринчи жолу
локомотив машинисти жана IT-иштеп чыгуучу сыяктуу багыттар да көрсөтүлүүдө.
Билим берүү министрлиги технологиялык өнүгүү жана жасалма интеллект
элементтерин киргизүү менен байланышкан жаңы адистиктердин пайда болушу
артыкчылыктуу экенин баса белгиледи. Улуттук этапка аймактык чемпионаттардын
жеңүүчүлөрү гана катышат. Ал эми республикалык чемпионаттын жеңүүчүлөрү
2026-жылы Шанхайда өтө турган WorldSkills дүйнөлүк биринчилигинде Казакстандын
атынан чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.
Асет Муханбетов, Билим берүү министрлигинин Техникалык жана кесиптик билим берүү
департаментинин мүдүрү:
- Жалпысынан алганда жумушчу кесиптер жылынын
алкагында биз бардык багыттар боюнча, анын ичинде адистиктердин
классификаторлорун актуалдаштыруу боюнча да чоң иштерди жүргүзүп жатабыз.
Жумушчу топ тарабынан IT багыты боюнча жаңы адистиктерди, адистиктердин
классификаторлоруна киргизүү сунушталды. Анын ичинде жасалма
интеллекттин өнүгүшү менен биз колледждин адистиктер классификаторуна жасалма
интеллект боюнча техникти киргизебиз. Башкача айтканда, бул автоматташтырууну
жана жасалма интеллект элементтерин жумуш процесстерине киргизүү менен
түздөн-түз алектене турган адам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

