Астанада «Референдум – 2026» онлайн-марафону өтүп жатат

Астанада «Референдум – 2026» онлайн-марафону өтүп жатат

Бүгүн республикалык референдумдун алкагында эртең мененки саат 9дан баштап «Референдум-2026» онлайн-марафону старт алды. Иш-чара түнкү саат бирге чейин уланат. Он алты сааттын ичинде беш аянтчада эң актуалдуу темалар талкууланып, инновациялык долбоорлор көрсөтүлөт. Талкууларга коомдук ишмерлер жана серепчилер катышат. Ошондой эле ток-шоу аянтчасы жана инновациялык аянтча иштейт, ал жерде ар бир адам заманбап технологиялык жасалма интеллект чечимдерин, ата мекендик стартаптарды жана голограмма-шоуну көрө алат. Ошондой эле онлайн-марафондун алкагында расмий органдардын өкүлдөрү жана талдоочуларэки саат сайын республикалык референдумдун жүрүшү жөнүндө комментарийлер менен түз эфирге чыгышат. Коноктор менен блиц-интервьюлар, өлкөнүн аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн кошулуулар пландаштырылган. Белгилей кетсек, иш-чара ата мекендик телеканалдардын, басылмалардын жана маалымат агенттиктеринин интернет-ресурстарында жана социалдык тармактарында түз эфирде көрсөтүлөт.

Еркин Абил, Парламент Сенатынын депутаты:

– Эң негизгиси, биз республикалык добуш берүүдө, референдум аркылуу ар бир адамдын келечегин аныктоочу маселелерди алып чыгып жатабыз, ал өзүнүн гана эмес, балдарынын жана неберелеринин да келечегин аныктайт.Конституциянын долбоору кабыл алынып, келечекте ушундай маанилүү чечимдер референдум аркылуу гана кабыл алынса жакшы болот деп ойлойм. Негизинен, бул «эл-бийликтин булагы» болуп саналат деген принципти декларативдүү эмес, укуктук ченемге айландырат.

Магеррам Магеррамов, Парламент Мажилисинин депутаты:

– Референдум – бул жарандардын өз өлкөсүнүн иштерине катышуу формаларынын бири. Атомдук станция боюнча жана 2022-жылы киргизилген өзгөртүүлөр боюнча референдум болгон. Бул процесстерге жарандардын катышуусу абдан масштабдуу болду. Жарандар өлкөгө тиешелүү чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга түздөн-түз катышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков