Астанада классикалык музыка кечеси өттү

Астанада классикалык музыка кечеси өттү

Астана төрүндө керемет обон жаңырды. «Батыштан Чыгышка чейин». Роза Багланова атындагы «Казакконцертте» ушундай аталышта классикалык музыка кечеси өттү. Өнөр сүйүүчүлөр Бетховендин «Кориолан» увертюрасы жана 5-симфониясы, ошондой эле Шостаковичтин №1 скрипка концертине күбө болушту. Аты уламышка айланган орусиялык композитордун шедевр чыгармасын бир катар эл аралык сынактардын лауреаты аталган казакстандык жаш скрипкачылар муунунун жаркын өкүлү Диана Макажан аткарды.

Диана Макажан, Скрипкачы, казак мамлекеттик симфониялык оркестринин артисти:

- Биз бул программага чоң даярдык көрдүк. Концерттин техникалык да, ансамблдик да татаал жактары көп. Ага карабастан, музыкасы мазмундуу, эмоциясы мол. Ошондуктан аны аткаруу - мен үчүн чоң кубаныч.

Ал кечеде дүйнөлүк ареналарда өнөрү менен таанылып жүргөн түрк маэстросу Хакан Шенсой жетекчилик кылды. Кадырлуу мейман казакстандык кесиптештеринин өнөрүн жогорку деңгээлде баалап, келечекте дагы да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин айтат.

Хакан Шенсой, Дирижёр, Түркия:

- Казакстанга болгон бул сапарымдан унутулгус таасир алдым. Өнөр үчүн чек жок. Жалпы өзүм казак элдик музыкасы менен жакшы таанышмын. Казактын улуттук обондорун сүйүп угам. Кийинки келгенимде сөзсүз түрдө казакстандык композиторлордун чыгармаларынан куралган программага жетекчилик кылууну максат кылуудамын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков