Астанада айдоочусу жок такси долбоору ишке киргизилет

Астанада айдоочусу жок такси долбоору ишке киргизилет

Астананын көчөлөрүндө өзүнөн-өзү башкарылган автоунаалар пайда болот. 2026-жылы борбор калаада айдоочусуз таксинин пилоттук долбоору ишке киргизилет. Тармактын министрлигинин маалыматы боюнча, кыймыл Астана эл аралык аэропортунан Abu Dhabi Plaza соода борборуна чейинки аралыкты камтыйт. Алгачкы этабы тестирлөөдөн өткөрүүнү, мыйзамдык түрдө жөнгө салууну жана инфраструктурасын даярдоону камсыз кылууну карайт. Бул автономдуу унаа демилгеси «акылдуу шаар» стратегиясы жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү алкагында ишке ашырылмакчы. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу башкы көңүлдө болот. Кыймыл тобокелдиктерди баалоо жүргүзүлгөндөн кийин гана ишке ашырылат. Адистер мындай унаа системасын ишке киргизген өлкөлөр менен шаарларда жол кырсыктары 90%га чейин азайганын айтышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков