Астанада А. Молдагулова тууралуу энциклопедиянын бет ачары өттү

Астанада А. Молдагулова тууралуу энциклопедиянын бет ачары өттү

Алия Молдагулова жөнүндө энциклопедия жарык көрдү. Көлөмдүү китеп Астанадагы Улуттук аскердик-патриоттук борборунда тааныштырылды. Бул жыйнакта казактын баатыр кызынын эч жерде жарыяланбаган фотосүрөттөрү жана жаңы маалыматтары, ошондой эле архивдик материалдар жазылган. Анда Алия Молдагулованын Ленинградда окуган жылдары, майдандагы эрдиги, замандаштары менен куралдаштарынын эскерүүлөрү да бар. Энциклопедияны жыйноого 2 жыл убакыт кеткен.  

Амангелди Нугманов, Парламент Сенатынын депутаты:

- Алия Молдагулованын 100 жылдык мааракесине арналган басылма. Көзгө атар кыз тууралуу китептер 60-80-жылдары жана 50 жылдыгында да чыгарылган. Андан бери жаңы маалыматтар пайда болуп, анын баары бүгүнкү китепте камтылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков