Астананын жаңыланган башкы планында 130дан ашык
инвестициялык долбоор каралган. Анын акыркысы 2035-жылга чейин эсептелген.
Инвестдолбоорлор өнөр жайда, логистикада, социалдык жана ишкердик
инфраструктурада ишке ашырылат. Экологиялык коопсуздук дагы эске алынган.
Долбоорлор айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча бааланат, алардын абанын
жана суунун сапатына тийгизген таасири эске алынат.
Виталий Кузин, «Зелёный мост» ЖЧКсынын мүдүрү:
- Астанада пландаштырылып жаткан 134 негизги
инвестициялык объект бар. Аларды 3 бөлүккө бөлүүгө болот. Бул өнөр жай
объекттери. Алар негизинен шаардын түндүк өнөр жай бөлүгүндө жайгашат, ал жерде
иштеп жаткан ишканалар жана энергетикалык объекттер бар. Логистикалык объекттер
шаардын магистралдарына жакын болот. Бул Коргалжын трассасы, бул Караганды
трассасы. Бул жерде логистикага байланыштуу ири объекттер да жайгашат.
Социалдык объекттер – бул спорттук комплекстер, ооруканалар, балдар борборлору.
Гульдана Абиш, Башкы адис, «Астанагенплан» НИПИ шаар
курулушу бөлүмүнүн архитектору:
- СЭОнун алкагында пландаштырылган объекттердин абанын
жана суунун сапатына, жашыл зоналардын абалына жана калктын ден соолугуна
мүмкүн болуучу таасири талданат. Ошондой эле, шаардын андан ары өсүшү менен
экологиялык тобокелдиктерди азайтуу, жаратылыштын тең салмактуулугун сактоо
боюнча чаралар каралат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

