Астанада майрамдын жакындаганы сезилип турат – шаар жаңы
2026-жылды тосууга карата кооздолду. Борбор кайрадан ачык түстөр менен
жаркырады. Көп сандаган балатылар, гирляндалар, инсталляциялар, жагымдуу композициялар
Казакстандын башкы шаарынын көчөлөрүнө жайгаштырылды. Бирок быйыл жасалгаларга эле
эмес, шаар тургундарынын акысыз көңүл ачуусу үчүн – коньки тебүүчү аянтчаларга,
сыймаланып түшүүчү бийиктиктерге жана сүрөткө түшүүчү жайларга басым жасалды. Майрамдык
маанайды түзүүгө жергиликтүү бийлик тарабынан 365 миллион теңгеге жакын каражат
бөлүндү. Дагы бир бөлүгү демөөрчүлөрдүн эсебинен жасалгаланды.
Мирас
Абдрахман, Астана
шаарынын Ички саясат
башкармасы башчысынын орун басары:
- Шаар тургундары жана
коноктору үчүн 40
жакын локация уюштурулду. Анын ар
биринде салтанаттуу балатылар болот, алар жарыктандырылып, гирляндалар менен
кооздолот. Ошондой
эле шаарды жасалгалоонун алкагында негизги көчөлөрдү азыр активдүү жасалгалап
жатабыз. Дарактар көрктөлүп, имараттардын бет жактары майрамдык
маанайда кооздолуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

