Быйыл
Казакстанда өнөр жай 6% жакын өсүп, жалпы көлөмү 27 трлн теңгени түздү. Өнөр
жай жана курулуш вице-министри Олжас Сапарбековдун маалыматы боюнча, курулуш
заттары, химия өнөр жайы жана металлургия – тармактын көч башында. Ата мекендик
өндүрүш ишканаларын арзандатылган чийки зат менен камсыздоо саясаты натыйжасын
берди. Ички өндүрүштө жезди керектөө көлөмү 27%, алюминий 61 миң тоннага, цинк
колдонуусу 4 эсеге өскөн. Натыйжада, тиричилик техникасы, жеңил жана жүк
ташуучу унааларын кураштыруучу жаңы ишканалар ачылды. Мамлекет башчысы
белгилеген жаңы милдет - орто жана жогорку деңгээлдеги кайра иштетүүгө өтүү.
Бул максатка ылайык ишканаларды каржылоо көлөмү артат. Мисалы, акыркы 4 жылда
бул багытка 700 млрд теңге жумшалса, келерки жылы бөлүнө турган каражат көлөмү
330 млрд теңгеге жетет.
Олжас
Сапарбеков, Өнөр жай жана курулуш Вице-министри:
- Биздин
планыбыз боюнча, быйыл 190 өнөр жай объектисин ишке киргизүү каралган, анын
басымдуу бөлүгү, тагыраак айтканда, 170 долбоор толугу менен ишке ашты. Калган
объекттер да жакын арада ишин баштайт. Бир катары жаңы жылга чейин ишке
киргизилиши керек. Жалпысынан алганда бул долбоорлор толук кубаттуулугуна
чыкса, жылына 2 триллион теңгелик өнүм чыгарат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

