Чет өлкөдө жүргөн казакстандыктар дагы жалган куран
айынын 15деги референдумга катыша алышат. Референдум боюнча борбордук
комиссиянын маалыматына ылайык, бул күнү 54 өлкөдөгү 14 миңден ашуун
мекендештер үчүн 71 участка ачылат. Алардын бири Бельгияда да иштей баштайт.
Бул өлкөнүн серепчилери Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды кунт коюп
байкап турушат. Брюссель пресс-клубунун башчысы Антонио Бускардини
республиканын бир палаталуу парламентке өтүү демилгесин өзгөчө белгилеп, муну
мамлекеттин жетилгендигинин белгиси жана демократияны чыңдоодогу маанилүү кадам
деп атады. Анын пикиринде, мындай система күчтөрдүн жакшы тең салмактуулугун
камсыздап, мыйзам чыгаруу органынын ишин күчөтөт.
Антонио Бускардини, Brussels
Press Club президенти:
– Президенттик бийлик менен
парламенттин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугу, 30 жылдан ашык убакыт
өткөндөн кийин мамлекет бир палаталуу парламенттик системаны киргизүү жөнүндө
тайманбас кадам таштоого жана жарыялоого жетилгендигин чагылдырат. Мындан ары
эмне болорун байкоо абдан кызыктуу болот, бирок бул, албетте, демократияны
бекемдеп, парламентти күчтөндүрө турган процесс.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

